Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Төлөмүш Океевге арналган фотокөргөзмө ачылды


Төлөмүш Океевге арналган фото көргөзмө. 19-апрель, 2019-жыл.
Төлөмүш Океевге арналган фото көргөзмө. 19-апрель, 2019-жыл.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган «Мезгилдердин чаңы артынан...» деген фото көргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө Океевдин жана ал өзү тарткан ак-кара түстөгү 200дөн ашык сүрөттөр коюлду. Сүрөттөр Океевдин үй-бүлөсүнүн жеке архивинен алынган. Аларды «Төлөмүш Океев» атындагы фонддун жетекчиси, Океевдин кызы Азиза Океева менен фотограф Александр Федеров иштеп чыккан.

Анын ачылышына Океевдин жубайы Жумаш Өмүрова, экс-президент Роза Отунбаева, Эл Баатыры Бексултан Жакиев, Кыргызстандын жана СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев катышты.

Океев 1935-жылы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. 2001-жылы 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Анын «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Ак илбирстин тукумдары» деген тасмалары белгилүү. (BTo)

XS
SM
MD
LG