Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:59

Журналисттер Ташкентте экстремизмди талкуулашты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Борбор Азия мамлекеттеринин журналисттери чөлкөмдөгү экстремизм жана терроризм коркунучуна каршы чогуу күрөшөт. Өткөн аптада “Internews” эл аралык уюмунун колдоосунда Ташкентте медиа тур уюштурулуп, ага Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын журналисттери катышты.

Журналисттер радикализмдин алдын алуу жаатында макала-баяндарды коом арасында жайылтууга салым кошуу маселесин талкуулашты. Ал үчүн экстремизмди, терроризмди түшүнүү абзел экенин белгилешип, журналисттерге окутууларды өткөрүп турууну уюмдарга сунуш кылышты.

Медиа турга катышкан журналисттер мындан ары пикир жана маалымат алмашып, биргеликте макалаларды жазып турууну макулдашты.

Медиа турга катышып келген кыргызстандык журналист Жылдыз Бекбаева ой бөлүшөт:

Журналисттер Ташкентте экстремизмди талкуулашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:16 0:00

XS
SM
MD
LG