Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Балыкчынын мэри Алмаз Мамбетов Мамкаттоонун төрагасы болду


Алмаз Мамбетов.
Алмаз Мамбетов.

19-апрелде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик каттоо кызматына Алмаз Мамбетовду дайындады. Бул кызматтын төрайымы Алина Шаикова андан бир нече саат мурда бошотулган эле.

Мамбетов коомчулукка Балыкчынын орой мэри катары таанылган. 2017-жылы Балыкчынын мурдагы башчысы Сатыбек Шамшудиновди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркутуп жаткан аудио жазуу тараган. Шамшудинов телефон сүйлөшүүнү өзү жаздырып алганын, маектеши Мамбетов экенин ырастаган.

Сатыбек Шамшудинов телефон сүйлөшүүлөрдү териштирүүнү сурап, Балыкчы шаардык милициясына, сотко, президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына кат жүзүндө кайрылган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Балыкчы шаарынын мэрине байланышкан маселени атайын комиссия териштирерин убада кылган. Бирок анын жыйынтыгы кандай болгону белгисиз.

Ушул иш боюнча Балыкчы шаардык соту мэр Алмазбек Мамбетовду күнөөлүү деп таап, аны 2000 сом айыппул төлөөгө милдеттендирген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери паспорт тендерине байланыштуу жаңжал учурунда алмаштырылууда.

17-апрелде тендер чырына байланыштуу Каттоо кызматынын төрага орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган. Алар паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендерде “кайсы бир компаниянын кызыкчылыгына аракет” кылышкан деп айыпталып жатышат.

XS
SM
MD
LG