Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Зеленский: Мен Порошенконун катасынын жыйынтыгымын


Дебатка даярдык
Дебатка даярдык

Дебат Киевдеги 70 миң кишилик “Олимпийский” стадионунда өтүп жатат. Экөө шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө алгач ирет кол кысышып, бетме бет көрүштү.

Дебатты 19-апрелде, кечки 7де өткөрүүнү Владимир Зеленскийдин штабы сунуштаган.

Талапкерлер үчүн өзүнчө эки сахна жасалган. Бирок Петро Порошенко басып келип Зеленскийдин колун кысып, жанында турат.

Чүчүкулактын негизинде биринчи болуп сөз алган Зеленский 2014-жылы Порошенкого добуш берип, терең жаңылганын билдирди. Ал ошол маалда "мыкты оратор, финансист Порошенкого добуш беришкенин, эми бирок экинчи Порошенко пайда болгонун, биринчи Порошенко коммуналдык төлөмдөрдү азайтып, экинчи Порошенко көтөргөнүн" билдирди. Андан ары Зеленский президент Порошенко мурдагыдан 82 эсе көп байлык топтогонун, бизнеси гүлдөгөнүн айтты.

"Петр Алексеевич мен сиздин жаңылыштыгыңыздын жыйынтыгымын" деп сөзүн бүтүрдү Зеленский.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, экөө 39 талапкердин ичинен суурулушкан.

Экинчи айлампа 21-апрелде өтөт.

XS
SM
MD
LG