Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

«Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу иш-чара башталды


Ош шаарында «Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанаты өтүүдө. 20-апрель, 2019-жыл.
Ош шаарында «Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанаты өтүүдө. 20-апрель, 2019-жыл.

Ош шаарында «Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанаты өтүүдө. Маданий иш-чаралар сүмөлөк кайнаткан казанды ачуу менен башталды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов баштаган расмий коноктор, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты.

19-апрелде Оштун борбордук аянтында «Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деген сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. Анда Түркиянын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Кыргызстандын элинин улуттук кийимдери жана күнүмдүк тиричилиги аркылуу үрп-адат, салттары чагылдырылган.

Ош шаары 2019-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин №36 отурумунда бир добуштан кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG