Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Чек ара: кыргызстандык жасалма паспорт менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинен жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, 30 жаштагы Кыргызстандын жараны “Токмок-Автодорожный” чек ара өткөрмө бекети аркылуу Казакстанга өтүүгө аракет кылган.

Текшерүү учурунда анын ID-card паспорту жасалма экени аныкталган. Тийиштүү документтер толтурулган соң шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG