Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Өкмөт тигүү тармагына колдоо көргөзүүгө убада берди


Кыргыз өкмөтү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтөт.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 19-апрелде Чүйдүн Сокулук районундагы “Cool Bros.” тигүү ишканасынын иши менен таанышкан учурда билдирди.

Ишкананын башкы директору Азимбек Жолдубаев белгилегендей, бул фабрика 2,2 гектар аянтта жайгашкан, мында өндүрүштүк имарат кеңседен, эксперименталдык цехтен, дизайнердик бөлүмдөн, бычуу бөлүмүнөн жана кызматкерлер үчүн ашканадан турат.

Фабрика толук кубаттуулукка чыгуу үчүн Сокулук районунун калкы үчүн 200 ашуун жумушчу орун түзөт. Жылына 5 млн. ашуун баланын трикотаж кийимдерин чыгаруу пландалууда.

“Бүгүнкү күнү тигүү тармагында 3 миңден ашуун ишкана иштейт, негизинен бул чакан жана орто бизнес, ошол эле учурда болжол менен жалпы үлүштүн 95% түзөт. Кыргызстанда орточо 80-120 миллион продукция өндүрүлөт жана 90-95% экспорттолот”, – деди Аскаров.

Вице-премьер-министр учурда инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Чүйдөгү ири заманбап тигүү фабрикасы АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы менен түптөлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG