Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Алматы-Ташкент жолундагы кырсык 11 кишинин өмүрүн алды


Кырсыкка кабылган автобус. 20-апрель. 2019
Кырсыкка кабылган автобус. 20-апрель. 2019

Казакстандын Жамбыл облусундагыжол кырсыгынан 11 киши каза болду. Отузга жакын киши жараат алды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлаганын “Азаттык” радиосунун казак кызматы жазды.

Маалыматка караганда, 20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Жамбыл облусунун Кордай районунун Алматы-Ташкент автожолунун 181-чакырымында "Toyota Camry" машинасы жүк ташыган автоунаа менен кагылышкан. Андан качууга аракет кылган жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кеткен.

Министрликтин басма сөз катчысы Нурдилде Ораздын айтымында, окуя болгон жерге облус башчысынын орун басары Бекболот Орынбеков, облус прокурору Жаркын Күсайынов, облустук полиция жана тишелүү органдын өкүлдөрү барышты.

XS
SM
MD
LG