Бишкекте СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата эл аралык опера жылдыздарынын катышуусу менен концерт болду.
Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында 19-апрелде опера ырчысы Алмаз Исматбаев “Ыраазымын” аттуу концерт койду.
Ага Азербайжандын эмгек сиңирген артисткасы Сабина Вахабзаде, Мариинск театрынын солисти Юлия Сулейеманова, Казакстан операсынын солисти Мадина Оразбай катышты.
Иш-чараны “Дордой” ассоциациясы каржылап, 23-апрель СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата өткөрдү. (BCh)