Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:09

Ошто үй-бүлөлүк фермерликти өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто суу, жайыт жана токой чарбасын пайдалануучулар ассоциациялары жана Айыл жерин өнүктүрүү фонду Кыргызстандын түштүгүндө үй-бүлөлүк фермерликти өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.

Ага жергиликтүү дыйкан, малчы жана токойчулар катышты. Иш-чаранын уюштуруучусу “Суу пайдалануучулар ассоциациясынын” жетекчиси Эркинбек Кожоевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, аймактык алгачкы иш-чара айыл чарбасын көтөрүү менен элет жерин өнүктүрүүгө багытталган.

"Дүйнөлүк айыл чарба форумунун колдоосу менен ушул төрт уюм Кыргызстанда үй-бүлөлүк фермерликти өнүктүрүү боюнча Улуттук комитет түзүүнү көздөп жатабыз. Бул комитет жер иштетүүдөгү, мал чарба жана токой пайдалануу тармактарындагы көйгөйлөрдү биргеликте чечип, өнүктүрүүнү максат кылат".

Иш-чара Улуттар уюму тарабынан жарыяланган Үй-бүлөлүк фермерликти өнүктүрүүнүн он жылдыгы долбоорунун алкагында уюштурулган. Бул тууралуу резолюцияны БУУ 2017-жылы кабыл алган. (MdN)

XS
SM
MD
LG