Кыргыз-тажик чек ара маселесин чагылдыруу боюнча эки тараптын журналисттери чогулду.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарына жакын жерлерде иштеген журналисттер тобу, жарандык активисттер чогулуп, атайын окуудан өтүп жатышат. Иш-чараны Deutsche Welle академиясы уюштурган. Медиа тармакта эмгектенгендер чек ара көйгөйлөрү тууралуу макала жазуу менен жаңжалдын ырбап кетүүсүнө салым кошпоо, чек аралаш аймак калкынын мамилесин чыңдоо жаатында тажрыйбалуу тренерлерден сабак алышууда.
Окутууга эки мамлекеттен ондон журналисттер жана соцтармактарда активдүү иш алып барган активисттер чакырылган. Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактарда тактала элек жерлерге байланыштуу маал-маалы менен чыр-чатак катталып турат. (JsA)