Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Жолдубаева: Атамбаев Текебаевдин камалышы боюнча позициясын өзгөрткөн жок


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева абактагы саясатчылардын ишин кайра карап чыгуу боюнча Саясий кеңештин чечимине түшүндүрмө берди.

Анда “кеңеш чуулгандуу иштерди кайра карап чыгуу боюнча демилгелерге позициясын гана билдирүүнү туура көргөнү” айтылат.

Айрым күчтөр теманы башка багытка буруп, маанисин өзгөртүп жатканын белгилеген Жолдубаева, “экс-президент Алмазбек Атамбаев Маевский Өмүрбек Текебаевге миллион доллар пара берген фактыдан шек санабайт”, - деп жазган.

“Позициясын билдирүү менен абактагыларды бошотуу талабын айтуу эки башка нерсе. Болгондо дагы, айрымдар белгилегендей Алмазбек Атамбаев “камоо” тууралуу тапшырма берген эмес. Бул тууралуу экс-президент өзү да бир нече жолу айткан. Укук коргоо органдарынын жетекчилерин мыйзам чегинде гана иштөөгө чакырган”, - деп жазылат партиянын расмий билдирүүсүндө.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин "1 миллион доллар пара алган" деген көрсөтмөнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура андан баш тарткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин 17-апрелде Жогорку Кеңеште билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG