Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Момбеков: УКМК Оштогу Атамбаевди да караш керек (видео)


Ырыскелди Момбеков.
Ырыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «​Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген иликтөөсүнө пикирин билдирди.

"Ыдырыс Исаков көргөн ишти УКМКнын Идириси (Кадыркулов – УКМКнын төрагасы – ред.) көрбөй калса, анда иш чатак. Кантип көрбөй койгонго болот? УКМК бир эле Алматы көчөсүндө жашаган Атамбаевди карай бербей Оштогу Атамбаевди да караш керек экен. Ал жак каралбай калып, экинчи Атамбаевди миллионер кылып жибериптирбиз. Ыдырыс Исаков ушундай ишти алып чыкты. Бул дагы Уландын ишинин уланып жатканы".

​Эл өкүлү бул тууралуу маркум, “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин аты Ак-Ордо жаңы конушундагы эң чоң көчөлөрдүн бирине берилип, ага байланыштуу куран окутулган учурда айтты.

Ыдырыс Исаковдун "​Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»" деген иликтөөсү 17-апрелде чыкты. Анда Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй жатканы тууралуу сөз болот.

Анын мисалында Ошто ишкер Жалил Атамбаевге таандык деп айтылган бир нече компания бюджетке салык төлөбөй келатканы айтылат. Мындан тышкары Атамбаев менен бирге иштеген ишкерлер андан акчасын ала албай, күйүп кетишкенин билдирип, арызданышкан.

Буга чейин парламенттин дагы бир депутаты Жанар Акаев иликтөөдө айтылган фактыларга бийлик реакция кылышы керектигин айткан. (КЕ/Tsh)

XS
SM
MD
LG