Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:55

Кызыл-Омпол уран кени боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү


Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү. 20-апрель. 2019

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Комиссия курамына министрлер, мекеме жетекчилери, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, тийиштүү айыл өкмөт башчылары болуп 20дай киши кирген. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат.

“Азаттыктын” Ысык-Көлдөгү кабарчысы Асеин Маданбековдун билдиришинче, жаңы түзүлгөн комиссия бүгүн, 20-апрелде уран кени менен жеринен таанышты. Маселе өкмөттүк деңгээлде карала турганы айтылды.

Буга чейин Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Майрамкүл Кыдыралиева Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо иштери гана жүрүп жатканын айткан. Ал иштер изилдөөгө алынган лицензиянын негизинде эле жүргүзүлүп жатканын белгилеген.

Кенди чалгындап жаткан "Юразия в Кыргызстане" ЖЧКсы Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы болуп саналат. Анын 60 пайызына орустар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.

Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы, 31-декабрда бүтөт.

2015-жылы Кызыл-Омполдун “Таш-Булак” тоо-кен участкасы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Буга чейин жергиликтүү тургундар "экологияга зыян келет" деп бир нече жолу нааразылык акциясын өткөргөн. (AsM/КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (29)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG