Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:44

Жо Байден партия ичинде президенттикке талапкерлигин көрсөтөт


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден келерки аптада Демократиялык партиядан президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтө турганын жарыялайт.

Бул тууралуу экс-вице-президентке жакын адамдар билдиришкен. Сурамжылоого караганда, президенттикке талапкерлигин көрсөтүү ниети бар 18 демократтын ичинен 76 жаштагы Байдендин рейтинги жогору.

Америкалык саясатчы буга чейин да Демократиялык партиянын ичинде президенттик кызмат үчүн талапкерлигин көрсөткөн. Бирок кампаниянын башында эле жарыштан чыгып калган.

1988-жылы Байден плагиаттыкка айыпталып, 2008-жылы Айова штатындагы добуш берүүдө жеңилип калган соң шайлоого катышуудан баш тарткан. Бирок Демократиялык партиядан талапкер болуп чыккан Барак Обама Байденди вице-президенттикке талапкер катары тандап алган.

XS
SM
MD
LG