Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Кордайда кырсыкка учураган автобуста үч өлкөнүн жарандары болгон


Казакстандын Ички иштер министрлиги Кордайдагы жол кырсыгында каза болуп жана жараат алгандардын арасында Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары болгонун бүгүн түштөн кийин кабарлады.

“Жол кырсыгында каза тапкан 11 кишинин сегизи Казакстандын, үчөө Өзбекстандын жарандары. Мындан сырткары жараат алып, ооруканага жеткирилгендер арасында Тажикстандын жарандары да бар” деп жазылат билдирүүдө.

20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Жамбыл облусунун Кордай районунун Алматы-Ташкент автожолунун 181-чакырымында "Toyota Camry" машинасы жүк ташыган автоунаа менен кагылышкан. Андан качууга аракет кылган жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кеткен. Кырсыкта 29 киши жараат алган.

Ички иштер министрлигинин жана облустук полиция департаментинин кызматкерлеринен турган ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү.

XS
SM
MD
LG