Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 09:52

«Дарак ыры» Орусияда баш байге алды


«Дарак ыры» тасмасынын режиссеру Айбек Дайырбеков.

Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы Орусиянын Самара шаарында өткөн «Балдарга - кино» аттуу эл аралык фестивалда баш байгени утту.

Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду жазды. Анда Орусия, Түштүк Корея, Эстония, АКШ, Бангладеш, Норвегия, Германия, Финляндия жана Иран кинорежиссерлору тарткан 16 тасма көрсөтүлгөн.

«Дарак ыры» мюзиклинин бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн. Чыгарма буга чейин АКШда, Орусияда, Иранда көрсөтүлгөн. Быйыл 25-апрелден тартып кыргызстандыктарга тартууланат.

«Дарак ыры» - сүйүү, жаратылыш, салт-санаа темасын камтыган тарыхый мюзикл жана кино дастан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG