Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

UFC: Физиев менен Шевченко жеңилди


Антонина Шевченко.
Антонина Шевченко.

Кыргызстандык Рафаэл Физиев менен Антонина Шевченко 149-UFCнин алкагында беттештерин уттуруп жиберишти. Эки мушкердин беттеши 21-апрель кечинде Санкт-Петербург шаарында өттү.

Физиев дүйнөлүк эрежесиз эр таймаш (UFC) боюнча мелдештин алкагында биринчи атаандашы Дагестандык Магомед Мустафаев менен күч сынашты. Мушташ биринчи раундда эле Физиевдин нокаутка учурашы менен аяктады.

Ал эми АКШ мушкери Роксанн Модаффери менен беттешкен Антонина Шевченко үч раунд толук беттешип, жыйынтыгында калыстардын чечими менен утулуп калды.

Антонина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында UFC турниринде алгачкы беттешин өткөрүп, жеңишке жеткен. Ал UFC чемпиону Валентина Шевченконун бир тууганы. (SDz)

XS
SM
MD
LG