Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Египетте президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү боюнча референдум өтүүдө


Египттин президенти Абдел-Фаттах ас-Сиси.
Египттин президенти Абдел-Фаттах ас-Сиси.

Египетте 20-апрелде президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана мамлекеттик иштердеги куралдуу күчтөрдүн ролу жөнүндө Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча үч күндүн референдум башталды.

Сунуш шайлоочулардын колдоосуна ээ болсо азыркы президент Абдел-Фаттах ас-Сисинин мөөнөтү 2030-жылга чейин узарып, саясий иштерде генералдардын таасири күчөшү ыктымал.

Абдел-Фаттах ас-Сисинин тарапташтары президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу ал баштаган ири экономикалык реформаларды аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берерин белгилеп жатышат. Каршы тарап бийлик президенттин колуна топтолуп, Египет авторитардык башкаруу моделине айланарын айтышууда.

Батыш маалымат агенттиктеринин божомолуна караганда, сунуш кылынган өзгөртүүлөр кабыл алынышы мүмкүн, бирок шайлоочулардын референдумга катышуу деңгээли президенттин популярдуулугун аныктайт.

Ас-Сиси Египетти 2013-жылдан бери башкарып келатат. 2018-жылы кайрадан шайланган. Расмий маалыматтар боюнча, аны добуш бергендердин 97% колдогон.

XS
SM
MD
LG