Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Шри-Ланкадагы жардырууда каза болгондордун саны 150гө жетти


Шри-Ланкада аскерлер жардыруудан кийин Коломбодогу чиркөөнү кайтарууда. 21-апрель, 2019-жыл.
Шри-Ланкада аскерлер жардыруудан кийин Коломбодогу чиркөөнү кайтарууда. 21-апрель, 2019-жыл.

Шри-Ланканын бир нече жериндеги жардырууда каза болгондордун саны бери дегенде 150гө жетти. 400дөн ашуун киши жарадар болду. Буга чейинки маалыматтарга караганда, жардыруу Пасха майрамын белгилөө учурунда бир нече жерде болгон.

«France Presse» маалымат агенттиги полициядагы булактарга таянып жазганына караганда, жардыруу үч отелде жана чиркөөлөрдө бир убакта болгон. Негомбодогу, Баттикалоадагы жана Коломбодогу үч чиркөө талкаланган.

Себастьян чиркөөсүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жардыруудан кийинки сүрөттөр жайгаштырылып, элден жардам сураган жазуу коюлган. Анда полу жана отургучу кан, талкаланган сүрөттөрдү көрүүгө болот.

Өлкөнүн финансы министри Мангала Самаравира «Твиттердеги» баракчасына «бул жардыруулар адам өмүрүн алып, башаламандык жана анархия уюштуруш үчүн даярдалганын, мындан бейкүнөө адамдар өлгөнүн» жазды.

Өкмөттүн өкүлү Харш да Силва каза болгондор арасында чет элдик жарандар да бар экенин «Твиттердеги» баракчасына жазып, жарандарды үйүнөн чыкпоого үндөдү.

Жардыруу боюнча жоопкерчиликти бир да экстремисттик топ мойнуна ала элек.

Өлкө президенти Маитрипала Сирисена элди тынчтыкка чакырып, бул ишти иликтөөдө бийликке жардам берүүгө чакырды.

Окуядан кийин борбордо жана аэропортто коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Шри-Ланкадагы жардырууда каза болгондордун саны 150гө жетти (видео)
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00

XS
SM
MD
LG