Бүгүн, 21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.
Талапкер жана азыркы президент Петро Порошенко добуш берүүгө жубайы жана уулу менен келди.
«Бизде элдин эркин тандоосу бар жана демократиялык салт корголгон – дал ушул нерсе Украинанын Европа мамлекети экенин мүнөздөйт. Беш жыл аралыгында биз өз өлкөбүздү европалык үй-бүлөгө кошуу багытында абдан чоң прогресс жасадык», - деди Порошенко.
Ал эми экинчи талапкер Владимир Зеленский добуш берип жатып: «Бул Украинанын жана украиналыктардын жеңиши болот. Биз украиналыктарды бириктире алдык» деди. Эгер шайланып калса, биринчи кайсы маселени чече тургандыгы тууралуу суроого «коррупцияны жана согушту» деп жооп берди. Зеленский шайлоо бекетине жубайы менен келди.
Шайлоого 82 миң жергиликтүү жана 2,5 миң эл аралык байкоочу көз салууда.
Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, азыркы президент Петро Порошенко менен актёр Владимир Зеленский 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан.
18-апрелде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, шайлоочулардын 57,9% Владимир Зеленскийге, 21,7 пайызы Петро Порошенкого добуш берүүгө даяр экенин көрсөткөн.