Түндүк Македонияда президенттик кызматка үч талапкер ат салышууда. Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жалпысынан 3480 шайлоо участкасы ачылды.
Президенттикке талапкер 63 жаштагы консерватор, профессор Гордана Силььяновска-Давкова өзүн өзү көрсөткөн менен, учурда аны ВМРО-ДПМНЕ оппозициялык партиясы (Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партия) колдоп жатат. Ал өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүү үчүн Грекия менен сүйлөшүүгө каршы чыккандардын бири.
Стиво Пендаровски - өлкөнүн НАТОго кирүү маселеси боюнча координитору, бийликтеги социал-демократтардын колдоосуна таянат. Ал мурдагы эки президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон жана өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү колдогон.
Блерим Река – Европа Биримдигиндеги мурдагы элчи. Аны саны боюнча азчылыкты түзгөн албан улутундагылардын эки партиясы колдоп жатат.
Азыркы президент Горге Иванов эки мөөнөткө президент болгону үчүн бул ирет талапкер боло алган жок.
Эгер бир да талапкер шайлоочулардын 50% добушун ала албаса, көбүрөөк добуш топтогон эки талапекер 5-майда экинчи турда ат салышат. Шайлоо өттү деп таанылышы үчүн шайлоочулардын 40%, башкача айтканда 1,8 млн. добуш бериши керек.