Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Кыргызстандагы украиналыктардын 40% добуш берди


Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. 21-апрель, 2019-жыл.
Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. 21-апрель, 2019-жыл.

Кыргызстанда жашаган украиналыктар да өз өлкөсүндө өтүп жаткан президенттик шайлоого добуш берип жатышат. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги «Азаттыкка» маалымдагандай, түшкү саат 12:00гө карата шайлоочулардын 40% добуш берди.

Маалыматка караганда, жарандардын добуш беришине шарт түзүлүп, шайлоо тилкеси элчиликтин имаратында Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 8:00дө ачылды. Добушкана кечки саат 20:00 жабылат.

Бүгүн, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Шайлоого 82 миң жергиликтүү жана 2,5 миң эл аралык байкоочу көз салууда.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, азыркы президент Петро Порошенко менен актёр Владимир Зеленский 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан.

18-апрелде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, шайлоочулардын 57,9% Владимир Зеленскийге, 21,7 пайызы Петро Порошенкого добуш берүүгө даяр экенин көрсөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG