Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Дүйнө лидерлери Шри-Ланкадагы кыргынды айыптоодо


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 21-апрель, 2019-жыл.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 21-апрель, 2019-жыл.

Шри-Ланканын бийлиги жекшембидеги жардырууну уюштургандар аныкталганын билдирди. Бул тууралуу «Стрейтс таймс» басылмасы өлкөнүн коргоо министри Рувана Вийеварденага шилтеме кылып жазды. «Күнөөлүүлөр аныкталды» деди министр.

Шри-Ланкада 21-апрель күнү сегиз жардыруу болду. Андан каза болгондордун саны 180ден ашты. 500дөн ашуун киши жарадар болду.

Кыргынды дүйнө лидерлери айыптап, шриланкалыктарга көңүл айтууда.

«Отелдер менен чиркөөлөрдөгү коркунучтуу террористтик кол салууга байланыштуу америкалыктардын атынан Шри-Ланка элине терең айгыруу менен көңүл айтам. Биз жардам берүүгө даярбыз», деп жазган АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына.

Британиянын премьер-министри Тереза Мей «чиркөөлөр менен отелдердеги зомбулук актылары - чынында эле коркунучтуу көрүнүш. Трагедияда жабыр тарткандардын баарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», - деп жазган «Твиттерге».

БУУ өз кезегинде «бардык жарандарды жана лидерлерди ушундай оор күндө биригүүгө» чакырды.

XS
SM
MD
LG