Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

Түштүк Кореянын президенти Казакстанга келди


Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин мамлекеттик сапары менен Казакстанга келди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.

Түштүк Корея лидерин Нур-Султан аэропортунан казак тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов баш болгон делегация тосуп алды. Маалыматка караганда, ал сапардын алкагында Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарабев, мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушат. Ошондой эле Мун Чжэ Ин казак-корей бизнес-форумуна катышат.

 

XS
SM
MD
LG