Ирандын белгилүү сүрөтчүсү Монир Фарманфарманиан 97 жаш курагында, өзүнүн Тегерендагы үйүндө дүйнө салды. Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды.
2015-жылы Нью-Йоркто Гуггенхайм музейинде анын алгачкы жеке көргөзмөсү өтүп, күзгү жана айнек мозаикадан жасалган сүрөттөрү коюлган.
2017-жылы Тегеренда Фарманфарманиандын жашоосуна жана чыгармачылыгына арналган музей ачылган. «Негарестан» тарыхый гүлбагында жайгашкан «Монир» музейинде сүрөтчүнүн 50дөн ашуун эмгеги коюлган.
Монир Фарманфарманиан Ирандын түндүк-батышында, Казвин шаарында туулган. Тегерен университетинин көркөм сүрөт факультетин бүтүргөн. Кийин Нью-Йорк шаарына барып, Парсонс жана Коренльск университетинде билим алган. Анын эмгектери Иранда, Европа, АКШ жана Жакынкы Чыгышта көргөзмөгө коюлган.