Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Экзит-полл: президенттик шайлоодо Зеленский 73,2 пайыз добуш алды


Экзит-поллдун жыйынтыгы.
Экзит-поллдун жыйынтыгы.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун украин убактысы боюнча саат 20:00дө, добушканалар жабылар замат жарыяланган жыйынтыгына ылайык, президенттик шайлоодо талапкер Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми азыркы президент Петро Порошенко болсо 25,3 пайызын алды.

Экзит-полл - коомдук уюмдардын шайлоодо элдин кимге добуш бергенин сурамжылоо аркылуу жүргүзгөн алдын-ала жыйынтыгы.

Аны Украинадагы Деморатиялык демилге фонду, Киев эл аралык социологиялык институту жана Разумков борбору биргелешип жасады.

Ал эми шайлоонун алдын-ала расмий жыйынтыктары бүгүн кечке маалым боло баштайт.

Бүгүн, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Ага талапкерлер Петро Порошенко менен Владимир Зеленский катышты.

Шайлоого 82 миң жергиликтүү жана 2,5 миң эл аралык байкоочу көз салууда.

Бул - 2014-жылдагы Майдан окуялары деген ат менен белгилүү элдик толкундоолордун натыйжасында ошол кездеги президент Виктор Януковичтин бийлиги кулап, андан көп өтпөй Орусия Крымды аннексиялап алган окуялардан кийинки экинчи президенттик шайлоо.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, азыркы президент Петро Порошенко менен актёр Владимир Зеленский 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан. Анда Порошенко 16, Зеленский 30 пайыздай добуш алган.

41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ал өзү негиздеген «Квартал-95» студиясы менен концерттерди коюп, элге куудулдук өнөрүн, телесериалдарын тартуулап келди. 2014-жылы Европага бет алган тарапты колдоп, жарандык позициясын да билдирген. Шайлоо өнөктүгүндө өзүн жаңы муундун өкүлү, келечектеги карапайым президент катары көрсөтүүгө аракеттенди.

53 жаштагы Петр Порошенко экинчи президенттик мөөнөткө ат салышты. Ал шайлоо өнөктүгүндө өзүн күчтүү кол башчы, Орусияга татыктуу каршылык көрсөтө алган лидер катары сыпаттап келди.

XS
SM
MD
LG