Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Украин шайлоосу: Зеленский колдоочуларына ыраазычылык билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкер Владимир Зеленский шайлоо штабында сүйлөп, аны колдогондорго ыраазычылык билдирди.

«Биз мунун баарын бирге жасадык. Азыр ар бириңиздерге ыраазычылык айтам. Ата-энеме колдоосу жана ушунун баарын көтөргөнү үчүн рахмат. Жубайыма да чыдамына жана сабырдуулугуна рахмат. Ал эгерде мен тууралуу айтылган сөздөрдүн баарын мурда уга турган болсо, мага турмушка чыкмак эмес», - деди Владимир Зеленский.

Ошондой эле ал өз штабына, ыктыярчыларга, байкоочуларга жана «Квартал 95» студиясына ыраазычылыгын айтты.

«Ыктыярчыларга, аскерлерге рахмат, анткени Украинаны сиздер сактап турасыздар. Башкача жолду тандаган бардык, бардык украиналыктарга да рахмат. Мен ишенимиңерди актайм деп убада берем», - деген болочок президентти жубайы коштоп келди.

Бүгүн, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Ага азыркы президент Петро Порошенко менен актер жана куудул Владимир Зеленский катышты.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, президенттик шайлоодо талапкер Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми азыркы президент Петро Порошенко болсо 25,3 пайызын алды.

Экзит-полл - коомдук уюмдардын шайлоодо элдин кимге добуш бергенин сурамжылоо аркылуу жүргүзгөн алдын-ала жыйынтыгы.

Аны Украинадагы Деморатиялык демилге фонду, Киев эл аралык социологиялык институту жана Разумков борбору биргелешип жасады.

Ал эми шайлоонун алдын-ала расмий жыйынтыктары жакынкы сааттарда маалым боло баштайт.

XS
SM
MD
LG