Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Шри-Ланкадагы жардырууларга шектүү катары жети киши кармалды


Жакындарына аза күтүп жаткандар.
Жакындарына аза күтүп жаткандар.

Шри-Ланкада 21-апрель күнү катар-катары менен сегиз жардыруу болду. Өлкөнүн коргоо министри Рувана Вийевардена кабарлагандай, анын көбүн жанкечтилер ишке ашырган. Акыркы маалыматтар боюнча, окуядан 207 киши өлүп, 500дөй адам жарадар болду. Тышкы иштер министрлиги өлгөндөрдүн ичинен кеминде 27 адам чет өлкөнүн жарандары экенин кабарлады. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда үч полиция кызматкери мерт болгон. Жардыруулар бул күнү христиандар Пасха майрамын белгилеп жаткан учурда жасалган.

Бул Шри-Ланкадагы он жыл мурда аяктаган жарандык согуштан берки эң чоң апаат катары сыпатталууда. Өлкө президенти Маитрипала Сирисена элди тынчтыкка чакырып, бул ишти иликтөөдө бийликке жардам берүүгө чакырды.

Окуядан кийин коменданттык саат киргизилип, борбордо жана аэропортто коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ошондой эле ар түрдүү такталбаган маалыматтардын тарап кетишинин алдын алуу максатында социалдык тармактар, анын ичинде «Facebook» менен «WatsApp» үчүн да өлкө ичинде бөгөт коюлду.

Кыргынды дүйнө лидерлери айыптап, шриланкалыктарга көңүл айтууда.

XS
SM
MD
LG