Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Казакстанда учак кулап, эки киши мерт болду


Казакстандын Караганда облусунда жеңил учак кырсыкка кабылып, экипаждын эки мүчөсү каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-апрель күнү саат 16:25те Балапан аэродромунда машыгуу учууларын аткарган жеңил учак конуп жаткан маалда кырсыкка кабылган.

Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин алдындагы кырсыктарды иликтөө башкармалыгы тергөө баштады.

XS
SM
MD
LG