Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:20

Жаманкулов көкбөрүнү түрк тилдүү өлкөлөрдүн атынан ЮНЕСКОго киргизүүнү сунуш кылды

Көкбөрү.
Көкбөрү.

21-апрелде Ош шаарында ТҮРКСОЙ уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн ЮНЕСКО боюнча комиссияларынын жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов көкбөрүнү жана башка жалпы улуттук оюндарды түрк элдеринин атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүүнү сунуш кылды. Министрдин пикиринде, айрым окшош улуттук баалуулуктарды ар ким өз атынан каттабастан, жалпы түрк дүйнөсүнүн атынан каттатса туура болот.

Ошондой эле жыйында ЮНЕСКОго катталган бир катар тарыхый жайлардын абалы тууралуу кеп козголду. Ош шаарында Сулайман-Тоонун айланасындагы салынып жаткан ар кандай курулуштардын маселеси талкууланды.

Көкбөрү оюну 2017-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилген. ЮНЕСКО өз тизмесиндеги мурастарды эл аралык деңгээлде жайылтууну, аны коргоого алууну көздөйт. (TSh)

XS
SM
MD
LG