Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Түркмөнстандын аймактарында кайрадан ун жетпей жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын Мары облусунун айрым райондорунда кайрадан ун тартыш болуп жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, акыркы бир нече жумадан бери аталган облустагы айрым мамлекеттик дүкөндөрдө ун сатылбай калды.

«Райондордо кайрадан ун таптакыр жок калды. Серхетабат районундагы Имамбаба жана Каракол айылдарында бир нече жумадан бери ун тартыш болуп жатат. Адамдар эмне кыларын билбей калышты», - деп билдирди басылманын аймактагы кабарчысы.

«Мары облусунун Байрамали, Гарагум, Йолотен, Сакар-чэге жана Мургап райондорунун тургундары мартта берилиши керек болгон ундун нормасын апрелдин ортосундагы гана сатып алышты», - деп жазды «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы.

Маалыматка караганда, апрелде берилиши керек болгон ундун нормасы эми июнда, буудайдын жаңы түшүмү жыйнала баштаганда берилет.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өкмөттөгү өз булактары билдиргендей, бул жолку ун тартыштыгы Түркмөнстан коңшу Ооганстандагы селде жабыркаган адамдарга гуманитардык жардам жөнөтүп жатканына байланыштуу.

«Азык-түлүктүн, анын ичинде ундун ири көлөмү гуманитардык жардам катары же өтө төмөнкү баада Ооганстанга жеткирилип жатат. Буга чейин мындай жардам мамлекеттик резервдин корунан алынчу, азыр болсо калкка берилиши керек болгон азык-түлүк кетип жатат», - деди өлкөнүн Коргоо министрлигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

XS
SM
MD
LG