Бүгүн 22-апрелде Бишкекте «Мамлекеттик сатып алуу. Санариптештирүү. Улуттук коопсуздук» аттуу жыйын өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.
Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын үч жетекчиси кармалганына байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) иш-аракеттери талкууланат. Айрым жарандык активисттердин айтымында, Мамкаттоодогу тендер боюнча акыркы окуялар өлкөнүн санариптештирүү аракетине терс таасирин тийгизет.
Жыйынга жарандык активисттер, коомдук ишмерлер, IT адистер чакырылган.
Тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган.
УКМК аталган үч жетекчи биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышканы аныкталганын маалымдаган. (TSh)