Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Кант авиабазасындагы орус аскери шарттуу кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адам өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү, Кант авиабазасында кызмат өтөгөн орус аскери эки жылга шарттуу кесилип, эки жыл автоунаа айдоо укугунан ажыратылды. Орусиянын көчмө аскер соту ушундай чечим чыгарды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» жабыркаган тараптын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.

Анын айтымында, соттолгон аскер жабыркаган тарапка сураган кенемтесин төлөп берген. Кенемтенин суммасын жашыруун калтыруу жөнүндө өтүнүч келтирилген.

2018-жылы 27-август күнү Чүйдүн Лебединовка айылында автоунаа үч жаштагы баласы менен кетип бараткан аялды сүзгөн. Кырсыктан энеси каза болуп, бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG