Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

КСДПдагы тизгин талаш боюнча Бишкекте митинг өтүп жатат (видео)


Митинг учуру.
Митинг учуру.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары Сагынбек Абдрахманов катталганына байланыштуу Бишкекте митинг өтүп жатат.

22-апрелдеги тынчтык акциясына чыккан, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкарган партиянын мүчөлөрү Юстиция министрлигинин алдында чогулушту. Алар колдоруна «Саясий рейдерликке жол жок!», «КСДПдан колуңду тарт!» өңдүү бир катар жазууларды кармап, партиянын байрагын көтөрүп алышты. Митингге чыккан ондогон адамдардын арасында партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү да бар.

Атамбаев негиздеген КСДП митинг уюштурду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

Сөз сүйлөгөндөр министрлик партияны башка адамга каттап койгонун сындап, азыркы бийликти чындыктан тайганын, министрдин кызматтан кетишин талап кылышты.

Митингчилерге азырынча министрликтен эч ким чыгып жолугушкан жок.

Юстиция министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган партиянын лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Абдырахманов ага чейин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. (SE)

XS
SM
MD
LG