Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

КСДП юстиция министрине каршы прокуратурага кайрылды


Адил Турдукулов сүйлөп жаткан учур.
Адил Турдукулов сүйлөп жаткан учур.

Экс-президент төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) юстиция министри Марат Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов 22-апрелде Бишкектеги тынчтык митингинде айтты. Акцияга чыккандар партияны рейдерлик жол менен тартып алуу аракети болуп жатканын белгилеп, өкмөттүн кызматтан кетишин, парламенттин тарашын да талап кылып жатышат.

Митинг КСДПнын лидери катары Сагынбек Абдрахманов катталганына байланыштуу уюштурулду. Юстиция министрлигинин алдында чогулгандар колдоруна «Саясий рейдерликке жол жок!», «КСДПдан колуңду тарт!» өңдүү бир катар жазууларды кармап, партиянын байрагын көтөрүп алышты. Митингге чыккан ондогон адамдардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова жана партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, активисттер бар.

Митингчилерге азырынча министрликтен эч ким чыгып жолугушкан жок. Кодуранова министрликке сүйлөшүүгө кирип кеткенин митингчилер айтышты.

Атамбаев негиздеген КСДП митинг уюштурду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

Юстиция министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган партиянын лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Абдырахманов ага чейин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген.

КСДП - Кыргызстанда көп жылдык тажрыйбага ээ партиялардын бири. (SE)

XS
SM
MD
LG