Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Кыргызстандагы мигранттарга патент системасы киргизилиши мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга чет элден келип иштеген мигранттарга патент системасын киргизиш үчүн мыйзам долбоору даярдалды. Эгер ал кабыл алынса, жеке менчик үйлөрдө, короо же талаада иштегендер айына 500 сом төлөп патент алууга тийиш болот. Ал эми фирмаларда эмгектенгиси келгендер 10 000 сомго бир жылдык жумушка уруксат берүүчү документ алышат. Болбосо, мыйзамсыз миграцияга байланыштуу айыппулга жыгылып, мамлекеттен депортация кылынат. Айыппулдун көлөмү мигранттын Кыргызстанга жүргөн күндөрүнө жараша аныкталат. Азыркы мыйзамдарга ылайык, айыппул 10 миң сом.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов «Азаттыкка» билдиргендей, мыйзам 2019-жылдын аягына чейин кабыл алынышы ыктымал.

Самат Токтоболотов менен маек:

Мигранттар патент системасына өтүшү ыктымал
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:56 0:00

Жаз келери менен талаада, курулушта иштегени Өзбекстандан жана Тажикстандан келген мигранттар көбөйөт. Аларга патент системасын киргизүү маселеси 2018-жылы парламентте да көтөрүлгөн.

Расмий эмес кабарларга ылайык, Кыргызстанда иштеген өзбек жарандары бир жылда 150-200 миңге жетиши мүмкүн. Бирок алардын баары мыйзамдуу катталып иштебейт. Мамлекеттик миграция комитетинин эсебине караганда, былтыр өзбекстандык 130 эле жаранга расмий уруксат кагазы берилген. Тажикстандык жарандардан 86 киши алган. (SE)

XS
SM
MD
LG