Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Өзбекстанга үч айда бир жарым миллионго жакын турист келди


Самарканд шаарындагы туристтер.
Самарканд шаарындагы туристтер.

Өзбекстанга быйыл үч айда бир жарым миллионго жакын турист келди. Менчик туризм уюмдар бирикмесинин маалыматына караганда, бул сан былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу эки эсе көп.

Бирикменин төрайымы Гүлчехра Исмаилова 2017-жылы Өзбекстанга 2,7 миллион турист келгенин, 2018-жылы 5,3 миллион чет элдик саякат жасаганын айтты.

Өзбекстан туристтерди көбүрөөк чакыруу максатында былтыр жүздөн ашуун мамлекетке виза режимин жойгон.

XS
SM
MD
LG