Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Сауд Арабиясында полиция бөлүмүнө кол салуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сауд Арабиясынын баш калаасы Эр-Риядга жакын жердеги полиция бөлүмүнө каршы уюштурулган кол салуу токтотулуп, чабуул койгон төрт адам атып жок кылынды. Төрт полиция кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу жекшембиде «Al-Arabia» телеканалы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Зулфи конушундагы полиция бөлүмүнө пулемет, бомба жана Молотов коктейли менен чабуул коюлган. Кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG