Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Уран кенин иштетүүгө каршы Кубакы ашуусунда жыйын болду


Ашуудагы жыйын.
Ашуудагы жыйын.

Маданият кызматкерлери жана айрым коомдук ишмерлер 22-апрелде Кубакы ашуусунда жыйын куруп, Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршылык билдиришти. Ага катышкандар «Азаттыкка» кабарлашкандай, эки жүздөй киши чогулду.

Алар кендин элге жана келечек муунга зыян экенин белгилеп, аны иштетүүнү токтотууга үндөштү.

Кинематографисттер союзунун башчысы Айбек Дайырбеков киночулардын атынан президентке кайрылып, уран кенин казууга жол бербөөнү өтүндү.

Коомчулукта Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөп кетти. Маселени иликтеш үчүн 20-апрелде өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Тоң районунун тургундарына мекеме аралык комиссияга кирүү сунуш кылынганын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети билдирди.

Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн кол чогултуп жатышат.

Кенди чалгындап жаткан «Юразия в Кыргызстане» ишканасы - Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы. Анын 60 пайызы орусиялыктарга, 40 пайызы Кыргызстанга таандык. Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган.

Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт.

2015-жылы Кызыл-Омполдун Таш-Булак тоо-кен участогу мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG