Кыргызстанда 25-апрель - Салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгына карата атайын жумалык өтүп жатат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, 20-апрелден тартып Бишкектеги маданият имараттарында түрдүү иш-чаралар уюштурулууда.
Чеберлердин сабактары, ыр-күү менен коштолгон жыйындар, музейлерге саякаттар өткөрүлүүдө. 22-апрель Дастан күнү, 23-апрель Күү күнү, 24-апрель Ыр күнү деп белгиленди. 25-апрелде Ала-Тоо аянтында чоң көргөзмө-жармаңке жана гала-концерт болот.
2013-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 25-апрель Улуттук салттуу музыка күнү деп жарыяланган. (SE)