Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Кодуранова: «КДСПнын төрагасы ким?» деген суроого жооп ала албадык


Асел Кодуранова.
Асел Кодуранова.

Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Юстиция министрлигинин жетекчилиги «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы ким?» деген суроого жооп бере албаганын айтты.

22-апрелде министрликтин алдында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери, партиянын мүчөлөрү митинг өткөрүп, Кодуранова министрликтин жетекчилиги менен сүйлөшүүгө кирип чыкты.

Партия мүчөлөрү уюмдун айланасындагы талашты жөнгө салыш үчүн өкмөткө жети күндүк мөөнөт коюп тарашты. Алар эгер маселе чечилбесе андан ары чоң митингдер уюштуруларын айтышты.

Чогулгандар колдоруна «Саясий рейдерликке жол жок!», «КСДПдан колуңду тарт!» өңдүү бир катар жазууларды кармап, партиянын байрагын көтөрүп алышты. «Шалаакылыкка жол берди» деп, өкмөттүн кызматтан кетишин жана парламенттин тарашын талап кылышты.

Атамбаев негиздеген КСДП митинг уюштурду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

Юстиция министрлиги партиянын лидери катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Абдырахманов ага чейин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Партиянын мөөрү жана документтери Алмазбек Атамбаевде.

Министрликтин басма сөз кызматы КСДП кайра каттоодон өтпөгөнүн, болгону министрликке түшкөн арыздын негизинде айрым өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG