Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Иранга келди


Пакистандын премьер-министри Имран Хан (оңдо) менен Ирандын президенти Хасан Роухани. Тегеран, 22-апрель, 2019-жыл.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан (оңдо) менен Ирандын президенти Хасан Роухани. Тегеран, 22-апрель, 2019-жыл.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Тегеранда Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолукту. Бул тууралуу Ирандын IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Бүгүн, 22-апрелде эки лидер расмий өкүлдөр менен бирге кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Имран Хан Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен да жолукмакчы.

Пакистандын премьер-министри Иранга эки күндүк расмий сапары менен 21-апрелде келген. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары бул сапарда «террорчулукка каршы күрөш жана чек араны кайтаруу» маселелерине көңүл буруларын кабарлашкан.

Соңку бир канча айдан бери эки өлкө «чек ара аймактарындагы жоочуларга каршы жеткиликтүү күрөшпөй жатат» деп бири-бирин айыптап жатышат.

18-апрелде Пакистандын Белужистан провинциясында 15 куралчан адам армия кызматкерлерине кол салып, андан пакистандык 14 аскер мерт болгон. Расмий Исламабад бул кол салуунун артында турган террорчул топ Ирандын аймагынан келгенин билдирип, Тегеранды аларга каршы чара көрүүгө чакырган.

Быйыл жыл башында Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун 27 мүчөсүнүн өмүрүн алган кол салуу боюнча Пакистанда жайгашкан согушкерлер тобун айыптаган.

XS
SM
MD
LG