Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Ферганада келишимге кирбеген өткөрмө бекеттер маселеси талкууланды


Ферганага барган кыргыз делегациясы.
Ферганага барган кыргыз делегациясы.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган делегация 20-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Элёр Ганиев баштаган өкмөт өкүлдөрү менен жолугушту.

Эки өлкөнүн өкмөттөрү тараткан расмий кабарга ылайык, алар 2004-жылы 24-июлда кабыл алынган «Мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимге» кирген жана бул келишимге кирбеген өткөрмө бекеттерине тиешелүү маселелерди талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

Өткөн жуманын соңундагы жыйынга Кыргызстандан Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын, Өзбекстандан Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын жетекчилери катышты.

Протоколдо 2019-жылдын планы боюнча Кыргызстандын аймагында мамлекет аралык чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги жолугушуусун өткөрүү тууралуу макулдашуу бар.

Соңку 30 жылга жакын убакыттан бери эки өлкөнүн чек ара тилкелерин тактоо иштери аягына чыкпай келатат. Бир топ жыл токтоп турган сүйлөшүүлөр Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов көз жуумп, Шавкат Мирзиёев мамлекет башчы болгондон кийин жанданган. (SE)

XS
SM
MD
LG