Ош шаарында Кытай өкмөтү салып берген оорукананы 22-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков барып ачты. Аны Кытай 25 миллион 800 миң долларга курганы, жабдууларын да Бээжин бергени расмий кабарланды.
Эки жыл мурун курула баштаган, 150 орундуу заманбап ооруканада сегиз бөлүм бар. Адистер жабдуу колдонууну Кытайга барып үйрөнүп келишти. Дарыгерлер эми тажрыйба алмашууга барып келишет. (YI)