Түштүк Кореянын президенти мамлекеттик сапар менен Борбор Азияны кыдырууда. Мун Чжэ Индин 21-апрелде Казакстандын баш калаасы Нур-Султанга келди.
Анын бул сапарында экономикалык, инновациялык долбоорлорго өзгөчө басым жасалды. Акордонун маалыматына караганда, корей тарап «Санарип Казакстан 2018-2022» программасына катышууга кызыкчылыгы бар экенин, экономиканын бардык тармагын санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле Нур-Султанда эл аралык IT борбор түзүү маселеси талкууланды. Төртүнчү өндүрүш революциясы, жогорку технологиялар жаатында кызматташуу тууралуу да сөз болду.
18-апрелде Ашхабадда түркмөн-корей президенттери эки өлкөнүн мамилесин бекемдеген 26 документке кол коюшкан. Мун Чжэ Индин Өзбекстандагы үч күндүк сапарында өзгөчө стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынып, 12 млрд. долларлык келишимдерге кол коюлганын расмий Ташкент билдирген.