Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Грузияда ГЭС курулушуна каршылар полиция менен кагылышты


Панкиси капчыгайында жекшембиде болгон кагылышуу.
Панкиси капчыгайында жекшембиде болгон кагылышуу.

Жекшембиде Грузиянын Панкиси капчыгайында жергиликтүү эл менен полициянын кагылышынан 30дай киши жарадар болду. Анын 15и полиция кызматкери, 12си каршылык көрсөткөндөр.

Жергиликтүү тургундар Биркиани айылында ГЭС курулушуна каршылыгын билдирип чыгышкан. Эл курулуш техникасын өткөрбөй коюуга аракет кылганда полиция жаш агызчу газ жана желим ок аткан. Грузиянын Ички иштер министрлиги таяк көтөрүп, таш ыргыткан адамдарга каршы күч колдонууга аргасыз болгонун билдирүүдө.

Жергиликтүү эл ГЭСтин курулушу «жаратылышка зыян келтирет, көчүп кетүүгө аргасыз болобуз» деп жатышат. Бийлик «коркунуч жок» деп ишендирүүгө аракет кылууда. Бирок ички иштер министри Георгий Гахария элдин 90 пайызы колдосо гана станция куруларын жекшембинин кечинде билдирди. Учурда өкмөт маселени айыл аксакалдары менен талкуулап жатат.

XS
SM
MD
LG