Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:19

Ош аэропортунун кызматкерлери түзүм жетекчисине нааразы болуп жатышат


Ош аэропорту.
Ош аэропорту.

Ош эл аралык аэропортунун ондогон кызматкерлери коопсуздук кызматынын башчысы Абдибаит Матиевге каршы нааразы болуп, анын жүрүм-турумун сындап чыгышты. Акция 22-апрелде болду.

Ош аэропорту баш ийген «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова муну бышыктап, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди.

Ал арада айрым маалымат булактары дарегине айтылган сын-пикирлерден улам Абдибаит Матиев иштен алынганын, мындан аркы ишмердигине карата чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынарын жазышты. Алия Курбанова муну тастыктаган жок. Ал толук маалымат окуянын чоо-жайы такталган соң берилерин айтты.

Абдибаит Матиев аталган кызматка ушул айда дайындалган. (SE)

XS
SM
MD
LG