Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 09:45

Мадумаров: партияны алып коюш Акаевдин, Бакиевдин да оюна келген эмес


Адахан Мадумаров.

22-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда саясатчы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айланасындагы окуялар боюнча пикирин айтты:

- КСДП партиясы мага жагабы, жакпайбы - бул башка маселе. Мыйзам боюнча партияны алып, бирөөгө берип койгон абийирсиздик. Эми бүгүнкү бийлик ачык чыгып күрөшсө болмок. Кылтыйтып бир нерсени сасытып коюп отура бергени жакшылыкка алып барбайт. Бул аябай одоно болуп калды. Бир партияны алып башка бирөөнө берип коюш, күчтүү президенттик башкаруу деген Акаевдин түшүнө, Бакиевдин оюна да келген эмес.

Ошондой эле Мадумаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы кадамдары тууралуу мындай деди:

- Мындан 4-5 жыл мурда «Атамбаевге кыл тийгизбей менден коргоп аткан азаматтар ал кишини тепкилей баштаганда мен коргоп чыгам» деп айткам, эсиңерде барбы? Мына, Атамбаевдин алдында жүрүп, ошо киши менен жүргөнүнө бактылуу болгондор азыр иттей каралап атышат. Мен ал киши менен сүйлөшүп, жолуга элекмин. Эми дагы канча жолу айтышым керек? Ал эми кийинки убакта жасап жаткан иш-аракеттерин, «уктап жаткан кишини сайгылай берсе ойгонот» деп айтар элем. Атамбаев саясатка кайтып келе турган болсо жүз пайыз бийлик күнөөлүү болот. Себеби, улам-улам барып сайгылап атат же ал кишини саясатка аралаштыргысы келип атабы? Эми анын партиясын тартып алуунун кажети жок го дейм.

Саясатчы Адахан Мадумаров мындан сырткары өлкөдөгү коомдук саясий абал боюнча кенен пикирин билдирди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG