Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:41

Кыргызстандык эки мушкер Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты


Чейрек финалдык таймаштын жеңүүчүсү Мирлан Түркбай уулу. Баңкок, Таиланд. 22-апрель, 2019-жыл. Фото: Margit Kincses/www.asbcnews.org
Чейрек финалдык таймаштын жеңүүчүсү Мирлан Түркбай уулу. Баңкок, Таиланд. 22-апрель, 2019-жыл. Фото: Margit Kincses/www.asbcnews.org

Кыргызстандык мушкерлер Мирлан Түркбай уулу менен Эркин Адылбек уулу Азия чемпионатынын жарым финалдык таймашына чыкты. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, таймаштар ушул күндөрү Таиланддын Баңкок шаарында өтүп жатат.

Бүгүн, 22-апрелде 49 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда күч сынашкан Мирлан Түркбай уулу индонезиялык Комелис Квангу Лангуну 4:1 эсебинде жеңип алды. Түркбай уулу буга чейин 1/8 финалда йемендик Мухаммед Аль-Карнасты 5:0 эсебинде жеңген эле. Эми 25- апрелде Түркбай уулу жарым финалда өзбекстандык Нодиржон Мырзахмедов менен күч сынашат.

81 килограммга чейинки салмакта рингге чыккан Эркин Адылбек уулу чейрек финалда иорданиялык Мохаммед Юнис Сулейманды 5:0 эсебинде жеңди. Адылбек уулу биринчи таймашында (1/8 финалда) кытайлык Гегарибу Зенгди 5:0 эсебинде уткан. Эми ал 25-апрелде өтө турган жарым финалдык беттеште казак мушкери Бек Нурмуганбет менен күч сынашат.

Чейрек финалда дагы бир кыргыз мушкери Азат Үсөналиев (52 кг.) да таймашып, түштүк кореялык Инкю Кимге 3:2 эсебинде жеңилип калды.

Эртең, 23-апрелде кыргызстандык эки мушкер Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг) жана Чыңгыз Борбашев (91 кг) чейрек финалда күчтөрүн сынайт. Бокс боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан тогуз мушкер аттанган. 19-апрелде башталган таймаштар 26-апрелге чейин уланат. (GT)

XS
SM
MD
LG